Биз менен байланышыңыз

10 миңден ашык этникалык кыргыз макамын аныктай албай жүрөт

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Фев 2021 | 928 | 0

Экспреттик баалоолор боюнча Кыргызстанда 10 миңден ашык этникалык кыргыз жарандык же кайрылман макамын алуу үчүн документтерин бере албай жүрөт. Бул тууралуу Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, быйыл макамын аныктай албай жүргөн этникалык кыргыздардын баарына мунапыс жарыялап, 5-6-категория боюнча же жарандык, же кайрылман макамын берүү пландалууда.

«Пандемия учурунда Кыргызстандагы кайрылман кыргыздарга чет элден жардамдар келип жатты. Тагыраак айтканда, Америкадагы кыргыздардан гуманитардык жардам келди. Аны ошол кездеги Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бөлүштүргөн. Жардам берүүдө 4 миңдей жарандын аты-жөнү, дареги келген», — дейт Токтоболотов.

Маалыматка ылайык, былтыр күзүндө этникалык кыргыздарды, кайрылмандарды чогултуп, маселелер талкууланган. Ал боюнча президенттин жарлыгы чыгып, анда көйгөйдү чечүү жолдору каралган.

2020-жылы 330 адамга кайрылман макамы берилген. Ал макамы убактылуу болгондуктан, аны алган жаран 3 жылда Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз тапшырышы керек.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 448, ал эми 1991-жылдан бери жалпы 65 миңдей этникалык кыргызга кайрылман макамы берилген.

Copyright © 2017 Maral FM