Биз менен байланышыңыз

Мурунку элчи Кылычбек Султан Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 538 | 0

Кыргызстандын Кореядагы мурунку элчиси Кылычбек Султан Кыргызстанга келди. Ал 24-ноябрда өтө турчу курултайга катышат.

Эске салсак, Кылычбек Султан 12-октябрда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызматынан бошотулган. Ал өлкө башчыга ачык кайрылуусунда Тышкы иштер министрлигинде мыйзамсыз иш-аракеттерди байкагандыгын айтып, президенттин көңүл буруп коюшун суранган.

Президент Сооронбай Жээнбеков андагы маалыматтарды текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган.

Кийин ал фейсбуктагы баракчасына чет өлкөдөн башпаанек сураганын жазган.

Буга чейин Тышкы иштер министринин мурунку орун басары, дипломат Аскар Бешимов “Марал” радиосуна берген маегинде Кылычбек Султан бийликтен кечирим сурашы мүмкүн деген оюн айткан.

Бешимов: Кылычбек Султан жакын арада бийликтен кечирим сурашы мүмкүн

Copyright © 2017 Maral FM