Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Кылычбек Султан жакын арада бийликтен кечирим сурашы мүмкүн

Пикирлер | 19 Ноя 2018 | 755 | 0

Кыргызстандын Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султандын кызматтан алынган соң башка өлкөдөн башпаанек сураганы уят. Мындай пикирин Тышкы иштер министринин мурунку орун басары, дипломат Аскар Бешимов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кылычбек Султандын бул аракети өзүнө да, Кыргызстанга да аброй алып келбейт.

«Элчи бул аракети менен ТИМде башаламандык бар экенин аныктады дегенибиз одоно сөз. Бардык мекемеде кемчилик болот. Максат кемчиликти жоюубу же коомчулукка жаюубу? Кылычбек Султан жакын арада кечирим сурайбы деп ойлойм. Себеби ал буга чейин да мурдагы бийликтен кечирим сураган», — дейт Бешимов.

Белгилей кетсек, Кылычбек Султан фейсбуктагы баракчасына чет өлкөдөн башпаанек сурап кайрылганын жана учурдагы бийликти тааныбай турганын жазып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM