Биз менен байланышыңыз

Ошто турак-жайын камсыздандыргандар көбөйө баштады

Коом | 21 Ноя 2018 | 1291 | 0

Эки жылдын ичинде Ош облусу боюнча  турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча 35 миңден ашуун  келишим түзүлгөн. Бирок бул уюм табигый кырсыктын кесепетин жоюуда мамлекет түйшүгүн жеңилдетүү максатында үч жыл мурун  түзүлгөн. Адистер учурда үйүн камсыздандыргандар акырындык менен көбөйүп жатканын айташат.

Ар бир жаран өз турак-жайын камсыздандырышы керек. Андай болбогон учурда турак-жайы жаратылыш кырсыктарынан жапа чексе, чыгымы төлөнүп берилбейт. Буга байланыштуу жер титирөө жана башка табигый кырсыктар көп катталган аймактагы жашоочулардын көпчүлүгү  камсыздандыруу боюнча келишим түзүп коюшкан. Селден жапа чекен Чоң-Алай районунун тургуну Нуртаз Кадырбаев зыяндын өлчөмүнө карап тийиштүү акчаны алганын ырастады.

-Мен 2017-жылы апрель айында турак үйүмдү камсыздандырганмын. Ошондон көп өтпөй эле үйүмдү сел каптап кетти. Бирок бактыбызга жараша  аман калдык. Кырсык боюнча камсыздандыруу компаниясына кайрылганыбызда айыл өкмөттөн бир эки документтерди алып кел деди. Аларды чогултуп алып барып тапшырдым. Андан кийин чыгымдарды эсептеп банк аркылуу 82900 сом которушту.   

«Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамы боюнча келишим түзгөн айылда жашаган жаран жылына 600 сом, шаар тургундары 1200 сом төлөшөт. Ал эми кырсык болгон учурда айыл жергесиндеги турак-жайлар 500 миң сом, шаардагы турак-жайлар 1 миллион сомго чейин каражат алууга жол ачылат.

Ош облусу боюнча ушул тапта  35 миң турак жай камсыздандырылса, Ош шаары боюнча 7 миң турак үй камсыздандырылды. Анын ичинен табият кырсыгына кабылган 135 жаранга жардам берилди. Бул тууралуу камсыздандыруу уюмунун Оштогу филалынын менеджери Аскарбек Маматов «Маралга» айтты.

-Калк турак-жайды камсыздандыруу менен кырсык болгон учурда компенсация алууга мүмкүнчүлүк болуп жатканына ишенип калышты. Учурда Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бардык аймактарда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Турак-жайды камсыздандыруу бардык өлкөлөрдө таралган практика. Бирок биздин эл муну алигиче толук түшүнбөй жатат. Мыйзам боюнча ар бир турак-жай милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек.

Деген менен милдеттүү  түрдө камсыздандырууга каршы чыккандар да бар. Анткени жарандар камсыздандырууда бийлик административдик ресурсту пайдаланып жатат деп  нааразы. Алардын бири Ош шаарынын тургуну Хулькар Исамова.

Албетте бул тура эмес. Ар бир адамдын өз укугу. Кааласа камсыздандырат, болбосо жок.  Бирок өкүнүчтүүсү акыркы учурларда Ош шаарында аймактык кеңештерде турак жайынды камсыздандырбасан ырастамаларды  бербей жатканы  кездешет. Бул боюнча биз бир нече жолу жергиликтүү бийликке кайрылганбыз. Бирок жыйынтык жок. Азыр деле мындай көрүнүштөр болуп жатат.  

Мурда жаратылыш кырсыктардан турак-жайлары зыян тартса, ага атайын ссуда берилчү. Ал эми азыр камсыздандырылган гана турактарга мамлекет жогорудагы айтылган каражатты берет. 

 

Copyright © 2017 Maral FM