Биз менен байланышыңыз

Нэна: «Менин кыйкырыгыма кошуналарым көнүп калышкан…»

Кезектеги Желе шоу программабыздын коногу эстрада ырчысы Нэна жагымдуу маек куруп берди. Ал уулун өтө көп эркелетпээрин баса белгилеп , катуу тарбия берип жатканын айтты.

«Бала тарбиялоодо өтө жоопкерчиликтүү болуу зарыл. Өзгөчө уул баланы көп эркелетпеш керек.  Мисалы мен уулума жиним келип кыйкырганда кошуналарыма чейин угулат, алар деле көнүп калышкан. Атам болсо кичине эшик терезелери жаап кыйкыралы элдин баары качып кетпесин деп калат. Бирок мунун дагы сөзсүз пайдасы тийет , анкени уул баланы менимче катуу кармаш керек , ошондо жашоого тың боло деп ойлойм. Ар бир нерсени өз орду менен кылууну үйрөтүүгө аракет жасайм» -дейт ырчы айым Нэна

Copyright © 2017 Maral FM