Биз менен байланышыңыз

Зариф: Орусия Иранды жакшы түшүнөт

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 593 | 0

Ирандын Тышкы иштер министри Жавид Зариф Орусия Иранды жакшы түшүнөрүн, себеби өзү да санкциялардын курманы болгонун ачыктады.

«Орусия биздин эң сонун саясий жана соода өнөктөшүбүз.  Сириядагы жарандык согушту токтотууда, террорчуларды жок кылууда Орусия, Түркия  менен бирге башкалар кыла албаган ийгиликтерге жеттик. АКШ канчалык коңшуларыбызды бизди бойкот кылууга түртпөсүн, бул ишке ашпайт»,-деди Ирандын Тышкы иштер министри.

Кошумчалай кетсек, Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин Иран өкмөтү Сирия маселесинде жакшы жардамчы болгонун кабарлаган. Орусия, Иран жана Түркия Сириядагы согушту токтотуу боюнча тынчтык келишиминин кепилдери болуп саналат.

АКШ бийлиги май айында Иранды өзөктүк программасы боюнча макулдашуунун шарттарын аткарбай жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Артынан Иранга саясий-экономикалык санкцияларды удаа киргизип, алар 7-августта жана 5-ноябрда ишке киришкен. Ошону менен бирге Иран менен кызматташа турган тараптарды да санкция күтөрүн эскертип келет.

Copyright © 2017 Maral FM