Биз менен байланышыңыз

Иранда кармалган орусиялык журналист боштондукка чыгып, үйүнө кайтты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 489 | 0

Өткөн жумада Ирандын борбору Тегеранда кармалган орусиялык журналист Юлия Юзик боштондукка чыгып, Москвага кайтып келди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.

Юлия Юзик өткөн аптада Тегеранда камакка алынган. 29-сентябрда журналист Иранга жеке чакыруу менен барган. Аэропорттон түшөрү менен эле анын паспортун алып коюшкан жана өлкөдөн чыгып баратканда кайтарылып берилерин айтышкан.

Юлия Юзикти 2-октябрда мейманканадан кармап кетишкен. Эки күндөн соң  Ирандын Тышкы иштер министрлиги Юзик «бир катар түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн» кармалганын жана жакында бошотула турганын билдирген.

Журналисттин жакындары Израилдин пайдасына тыңчылык кылууга айыпталып жаткандыгын кабарлашкан. Ал эми Ирандын парламент өкүлү Али Рабия журналист виза маселесинен улам кармалганын айткан.

Юлия Юзик – өзүнө кол салган аялдардын тагдырын, Беслан трагедиясын баяндаган китептердин автору.

Copyright © 2017 Maral FM