Биз менен байланышыңыз

Пентагон: Сириядагы орусиялык күчтөр менен сүйлөшүү маанилүү

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 642 | 0

АКШнын коргоо министринин өкүлү Эрик Пахон Сириядагы орус аскердик күчтөрү менен сүйлөшүү маанилүү экенин билдирди.

«Америкалык аскердик базага Орусиянын аскердик күчтөрү менен байланышууга тыюу салынган. Бирок аймактагы абалды көзөмөлдөөдө Орусиянын аскердик базасы менен байланышып туруу зарыл жана ар кандай келишпестиктердин алдын алат. Буга чейинки кабарлашуу каналдарыбыз жакшы иштеп, алдын-ала эскертүү билдирүүлөрдү берип турган учүн ушул күнгө чейин Сириядагы биздин учактар менен орус учактарынын ортосунда бир да конфликттик абал жаралган жок»,-деди Пахон.

Ошондой эле Американын мамлекеттик департаменти Орусия согуштук аймакта Түркия сыяктуу мамлекеттер менен белгилүү деңгээлде макулдашуу, сүйлөшүүлөргө жетишүү менен Сириядагы куралдуу кагылыштардын алдын ала билгенин билдирип, муну ийгилик катары сыпаттады. Ушундай эле мамилени эки өлкө ортосунда да жүргүзүү пайдалуу экенин белгиледи.

Эске салсак, АКШ куралдуу күчтөрү 2014-жылдан бери Сирия жана Ирактагы ИШИМ террордук тобу менен күрөшүү жүйөсү менен аймакка кирген. Бирок алардын бул аракетине Сирия менен Ирактын бийлиги уруксат берген эмес. Ал эми Орусия күчтөрү Сириянын расмий жетекчиси Башар Асаддын суранычы боюнча аймакка өз базасын жайгаштырып, аскердик чалгын жана көзөмөл иштерин жүргүзүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM