Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Атамбаев ууланганда аны Жээнбеков сактап калган

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Ноя 2018 | 1156 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди учурунда түштүктөн Азимбек Бекназаров менен Сооронбай Жээнбековдон башка эч ким колдогон эмес. Мындай пикирин Бекназаров “Маралга” берген маегинде айтты. Анын айтымында, учурда мурдагы мамлекет башчынын жанында Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов эле калды.

-Алмазбек Атамбаев Жалал-Абадда ууланып жатканда аны Сооронбай Жээнбеков Кара-Кулжага алып барып, кымыз берип, сактап калганын айта жүрүү керек. Ал эмес ага жакшылык кылгандарды да эстеп жүрүүсү керек. Мен бул окуяны билем. Анткени ошондо Атамбаевди өзүм Жээнбековго өткөрүп берип, өзүнө келтирип, Бишкекке салып ийүүсүн айткам,-дейт Бекназаров.

Атамбаев өз кайрылуусунда элден кечирим сурап, кемчиликтерин өзүн мойнуна алат деп күткөнүн да кошумчалады. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүп жатканын да сындайт деп ойлогонун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM