Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Атамбаев өзүнүн кадр тандоодогу кемчилигин көрсөтүп койду

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Ноя 2018 | 463 | 0

Укук коргоочу Рита Карасартова мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн берген маегинде кадр тандоодогу көйгөйдү көрсөтүп койду деп эсептейт. КСДПнын лидери өзү тандап келген кадрын сынга алып, анын “бир туугандары менен бийликке аралашып жатат” деген кинесине карата оюн билдирди.

-Атамбаев өзү сүрөп келген Жээнбековду күнөөлөп жатат. Ал президенттин бир туугандарын парламентке, кызматка алып келгенин айтты. Муну менен ал кадр саясатында тааныш-билиш бар экенин көрсөтүп койду.

Укук коргоочу мындай ыкмалардын баары Атамбаевдин учурунда эле калыптанып калганын айтат. Муну президент Сооронбай Жээнбеков жөнгө сала алса, тарыхта каларын да эске салды.

Атамбаев “Апрелге” берген маегинде азыркы мамлекет башчы Бакиевдин жолун улап жатканын айткан. Карасартова бул тууралуу да оюн бөлүшүп, азыр кимдин жолуна түшүүдөн да карызсыз өнүгүүнү, калкка ыңгайлуу шарт түзүүнү маанилүү деп эсептеди.

Copyright © 2017 Maral FM