Биз менен байланышыңыз

Екатеринбург: мекендештер кыргыз борборун ачууну көтөрүштү

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 610 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары Орусиянын Екатеринбург шаарындагы мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Депутаттар Каныбек Иманалиев, Сагындык Келдибаев, Улукбек Ормонов, Максат Сабиров, Руслан Казакбаев, миграция кызматынын өкүлдөрү мекендештер менен жолугушту.

Жолугушууга ал жакта иштеген жана билим алган мекендештер катышты. Анда студенттер окуу менен ишти айкалыштырууга уруксат берген жоболорду кабыл алууну өтүнүштү.

Жумуш берүүчү менен эмгек келишими түзүлбөй, айлык албай калган жагдайлар, кыздардын  үй-бүлөсүз абалда төрөшү маселеси айтылды. Ошондой эле кыргыз борборун ачуу үчүн чакан имарат бөлдүрүп берүүнү да көтөрүштү.

Айтылган көйгөйлөр жергиликтүү бийликке жеткирилип, чечилишин карай тургандыктарын белгилешти. Мындан тышкары 700дөн ашуун мекендештер иштеген “Монетка” логистикалык борбору менен таанышып чыгышты.

Copyright © 2017 Maral FM