Биз менен байланышыңыз

Кириск жашашы керек

Блог | 19 Ноя 2018 | 2055 | 1

Кыргыздын күндеми ар дайымкыдай саясаттагы интрига, ушак, коррупция, уурулук, кылмыш, той. Бирок өлкөнүн келечегин аныктаган, жетишсиз бала бакча, мектептердин маселесин көз жаздымда калып кетчүдөй. Өкмөттүн маалыматы боюнча 400 миңдей (3-6 жаш) жеткинчек бала бакчага барбайт. Ал үчүн 250 орундуу 1600 бала бакча курулушу керек. Курулушка 80 млрд сом керек экен. Ал эми республикалык бюджеттен 2019-жылга социалдык мекемелердин (бала бакча, мектеп, оорукана ж.б.) курулушуна 3 млрд сом гана каралган. Мындан тышкары мектеп курууга 80 млрд сом керектелгени,  тагыраак айтканда, 600 мектеп курулушу керектиги айтылды. Жетишсиз бала бакча жана мектептердин курулушуна керектелчү 160 млрд сом өлкөбүздүн бир жылдык бюджетине барабар. Өкмөт аракет кылса да чече албашы ЖКдагы талкууда айкын болду. Абал оор. Билим берүү мекемелеринин тартыштыгына ички миграция, имараттардын эскилиги, реалдуу статитистиканын колдонулбагандыгы жана прописка институтунун жараксыздыгы болууда. Калктын саны да өсүүдө. Актуалдуу болушунун себеби да Жогорку Кеңеште эмки жылдын бюджети каралууда. Келечекти ойлосок, саясаттын күнүмдүк интригаларынан оолак болуп, бул маселени күн тартибинен түшүрбөй чечүү керек. Азыр аны чечпесек, эртең кейибешибиз керек. Билим берүү мекемелерин курбасак, эртең кылмыштуулук менен убара болобуз.

Мындай карасаң үмүтсүздүккө кабыласың. Бирок үмүтүбүз биздин балдарда. Болгондо да мектепке бара элек балдарда. Мектепке чейинки курак мээнин өрчүшү(өнүгүүсү) үчүн зор мааниге ээ. Мектепке чейинки курактагы баланын интеллектин арттыруунун жолдорун изилдеген көп эмгек бар. Ошол изилдөөлөрдүн баарынын мета анализин Нью-Йорк университетинен окумуштуулар жасашкан. Perspectives on Psychological Science аттуу журналда чыккан бул мета анализде балдардын интеллектин арттыруунун 3 жолу белгиленген. Алар: мектепке чейинки куракта (бала бакчада) сапаттуу билим, эрте куракта диалог аркылуу китеп окуу (мурдагы макалаларымын биринде токтолгом) жана балык майы.

 

Мектепке чейинки куракта билим алуу эмне үчүн шарт?

Өзгөчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдардын бала бакчаларга барышы алардын интеллектин арттырып, (адаттагы мектепке караганда) бала ээн-эркин бир калыпка салынбастан, өзүнө жаккан нерсесин жасаары талашсыз. Экономикалык тил менен айтканда, бул куракта балага салынган 1 долларлык инвестиция кайра 6-8 эсе кайтарым берерин Нобель сыйлыгынын ээси, экономист James Heckman изилдөөсүндө далилдеген. Ошондуктан азыр билим берүү тармагын оңдойбуз, өнүктүрөбүз десек, приоритет катары мектепке чейинки билим алууну жолго салуу керек. Ар бир айылда жок дегенде бирден бала бакча болушу зарыл. Өткөндө бир депутат Аксы районундагы 30 миң калк жашаган 4 айыл өкмөттө бир да бала бакча жок экенин айтты. Өлкөдө бала бакчага бара турган балдардын саны (3-6 жаш) 608 миң болсо, анын 187 миңдейи гана барат. 400 миңден ашык өспүрүм бала бакчага барбайт. Өзүңүздөргө деле маалым, көпчүлүк мамлекеттик бала бакчаларда бир орунда 2, жада калса 3 бала жаткан учурлар бар. Өлкөдө азыр 1390 бала бакча иштесе, дагы 250 орундуу 1600 бала бакча салынышы керек экенин жана аны үчүн 80 млрд сом акча керек экенин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Бала бакчада же мектепке чейин эле баланын кайсы бир таланты аныкталып, аны өстүрүү келечекке салынган эң баалуу инвестиция. 11 жыл мектепте, 5 жыл университетте окуп, 10 миң сомдук жумушта иштей албагандарга караганда, 7-8 жашында өнөрү менен акча таап калган балдар жок эмес. Доор алмашып, маалымат алуу тездеп, университеттин кереги барбы деген суроо бекеринен чыкпагандыр.

 

Бала бакчаны кантип салабыз же мектепке чейинки билим алуу кантип чечилет?

-Акыйкат үчүн айтыш керек, мурдагы бийлик учурунда 1990-жылдары мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараты кайрадан мамлекетке кайтарып алуу боюнча иштер уланууда.

-Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова сунуштаган мамлекеттик жеке өнөктөштүк системасын ишке ашыруу. Мэрия жана айыл өкмөттөр бала бакча салып иштетем дегендерге бала бакча салынчу жерди бөлүп берип, бала бакча салдырып, анан балдардын акысынын кандайдыр бир бөлүгүн мамлекет төлөп берип, калганын ата-энелердин төлөөсүн камсыздаган механизм – жакшы вариант.

-Бала бакча маселесин чечүүнүн бир жолу катары өлкөдөгү 1062 китепкананын алкагында мектепке чейинки билим алууну ишке ашырылышы. Азыр 9 китептаканада күнүнө 2-3 сааттан мектепке чейинки курактагы балдарга ар кандай кружоктор уюштурулууда. Бул практика 2019-жылы 40 китепканада ишке ашырылат экен.

-Аны менен кошо жеке менчик бала бакчаларды салыктан бошотуу аркылуу кандайдыр бир жылыш байкалууда. Мисалы, Бишкектин Тунгуч кичи району жана Рухий Мурас конушунда 5-6 жыл мурда 1 мамлекеттик жана 1-2 менчик бала бакча иштесе, азыр ага кошо 6 жеке менчик бала бакча иштеп жатат. Шаар калкынын сатып алуу күчү 6-7 миң сомдук акыны ата-энелер жеке менчик бала бакчага төлөөгө жеткендей. Бишкекте Монтессори методу менен окутулган эң кымбат бала бакчанын 1 айлык акысы 18 миң сом. Ага деле талап бар экен. Анткен менен, шаардагы бала менен айылдагы баланын билим деңгээлинин ортосундагы ажырым күндөн күнгө өсүүдө. Балдардын ортосундагы ажырым өсө берсе, акыр аягы социалдык касталар пайда болот Индиядагыдай. Муну алдын алуунун бирден бир жолу Финляндия сыяктуу айыл-шаардагы балдарга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү.

-“Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду да чамасынын жетишинче тоолуу аймактарда “Жайлоолордо бала бакча долбоору” долбоорун ишке ашырууда. Республикалык масштабдан алганда маселени чечип-чечпегени белгисиз. Бирок алкышка татыйт бул долбоор.

-Мамлекеттик мүлктөрдүн инвертарынын эсебин чыгарып аларды сатуу жана мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүдөн түшкөн акчаны бала бакча салууга жумшоо керек. Бишкектеги мамлекеттик мекеме-ишканалардын кээ бир имараттары расмий маалыматта 1 чарчы метри 100сомго берилгени айтылды. Аларды реалдуу баага ижарага берип, жалпысынан көмүскө экономиканы азайтуу аркылуу чечүү.

-Эсеп Палатасынын иликтөөсү боюнча республикалык бюджеттен жылда 2 млрдка сомго жакын каражат майнапсыз коротулат экен. Ушундайга бөгөт коюп, бала бакчага курууга багыттоо.

-Ошол эле учурда өлкөдөгү 900 мектепте өз потенциалына (ылайыкташтырылган сандан) аз окуучу окуганы айтылды. Мисалы, Бишкек шаарына жакын Байтик айылындагы мектеп 800 балага ылайыкталып курулганы менен чынында 300 гана бала  окуйт. Ушул сыяктуу мектептердин бош класстарын бала бакча катары иштетүү.

 

 Республикалык бюджетти туура бөлүштүрүү…

Республикалык бюджеттин долбоору каралып жаткан азыркы учурда көптөн бери билинип бирок ачык айтыла бербеген бир жагдайды депутат Тиллаев айтты. Көрсө, күч органдарынын(сот, прокурор, аскер, финпол ж.б) кызматкерлери социалдык фондко төлөм төлөбөйт экен. Киреше салыгын да төлөшпөйт экен. Силовиктер төлөөчү сумма республикалык бюджеттен социалдык фондко атайын төлөнөрү белгилүү болду. Алардын айлыгы да орточо айлык маянадан жогору экени белгилүү. Байкуш мугалимдер жана врачтар 7-10 миң сом алса дагы соцфондко жана киреше салыгы төлөшөт. Алардын пенсиясы 5000 сомдун тегереги. Ошол эле учурда сот, прокуратурадан пенсияга чыккандардын же генералдардын 40-50 миң сомго чейин пенсия алышы социалдык адилетсиздик эмеспи? Өлкөбүз согуштан чыкканда деле мындай болбошу керек эле. 2018-жылы күч түзүмдөрүнө бюджеттен  жалпы 20 млрд 965 млн сом бөлүнүптүр. Бул республикалык бюджеттин 7%ын түзөт. Бул көрсөткүч авторитардык-полициялык мамлекеттердеги көрүнүштөй. Бул өзүнчө талкууланчу маселе.  Бирок социалдык адилеттүүлүк үчүн, келечек үчүн бюджетти аныктаган парламент жана өкмөт жетекчилери саясий эрк көрсөтүшү керек. Келечекти ойлосок, Чынгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повестиндеги балыкчылар Орган, Мылгун жана Эмирайиндын Кирисктин жашап кетиши үчүн жасаган кадамындай кадам жасалышы керек.

Бакытбек Абдуллаев

 

Copyright © 2017 Maral FM