Биз менен байланышыңыз

Астанада Сирия маселеси боюнча саммит башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 530 | 0

Сириядагы согуштук жагдайды тескеген «Астана форматынын» кезектеги жыйыны 28-29-ноябрь күндөрү Астанада өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов маалымдады.

«Астана процесстеринин» негизги кепилдери болгон Орусия, Иран жана Түркия мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү Сириядагы кризистик абалды жоюу жолдорун сүйлөшүшөт. Анда учурда козголоңчулардын колунда турган жалгыз аймак Идлиб шаарынын тагдыры, коопсуздугу жана ал жерден террордук күчтөрдү жоюу маселеси каралат.

Кошумчаласак, 2017-жылы аталган үч мамлекеттин демилгеси менен Сириядагы жарандык согушту токтотуу максатында Астанада тынчтык сүйлөшүүлөрү болгон. Ага Түркия, АКШ, Иран, Орусия, БУУнун өкулу жана согушуп жаткан эки тараптын атайын өкүлдөрү катышкан. Сириядагы жаңжалды токтотууда негизги ролду ойногон «Астана форматында» кабыл алынган эреже боюнча үч өлкө анын аткарылуусун козөмөлдөмөк. Буга чейин тараптардын катышуусу менен төрт жолу Сирия талкуусу болуп өттү.

 

Copyright © 2017 Maral FM