Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда жаңы машина заводу курулат

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 932 | 0

Түштүк Кореялык “Hyundai” компаниясы Өзбекстандын Наманган облусуна коммерциялык багыттагы машина заводун курууну баштады. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик жарыялады.

Аталган завод 2019-жылдын сентябрь айында биринчи продукциясын сатыкка алып чыгат.

“Эң башта 400 жүк ташуучу унааны, автобус жана кичи автобустарды чыгарууну пландап жатабыз”,-деп билдирди Hyundai компаниясынын өкүлү.

Эске салсак, 2017-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Түштүк Кореяга болгон расмий иш сапарында эки тараптуу келишимге кол коюлган. Ага ылайык Өзбекстанда Hyundai компаниясынын өндүрүшүндөгү бир катар автоунааларды чыгаруу пландалган.

Учурда Өзбекстанда үч ишкана автомашина чыгаруу жаатында иш алып барат. Алар GM Uzbekistan (Андижан), ООО “СамАвто”(Самарканд) жана UzPCA(Жиззак) компаниялары жеңил жана жүк ташуучу унааларды чыгарышат.

Copyright © 2017 Maral FM