Биз менен байланышыңыз

Мексика: Фейк кабар адам өлүмүнө себеп болду

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 792 | 0

Мексиканын Акатлана шаарчасында Whatsapp аркылуу келген жалган кабарлар жергиликтүү эки кишинин өлүмүнө себеп болду.  Анда шаарчада эки бейтааныш киши пайда болуп, жаш балдарды уурдап, мүчөлөрүн сатып жатканы тууралуу айтылат.

Ошол күнү базарга барып келе жатып жолдо эс алып отурган тайке-жээн Алберто менен Рикардону уюштуруучулардан бирөө Фейсбук аркылуу түз эфирден көрсөтүп бала уурулар деп атаган, экинчиси полициянын жанындагы өзгөчө кырдаал коңгуроосун кагып, үчүнчүсү үн бийиктеткич менен элди чакырып, жүздөн ашуун киши бат эле чогула калган. Полициянын коргогонуна карабай күүлөнгөн топ экөөнү ур-токмокко алып, бензин чачып өлтүрүп коюшкан.

Ушундай эле окуя Мексиканын Тула шаарында эки күндөн кийин, Эквадордо бир нече күндөн кийин кайталанды.

Үрөй учурган каргаша Мексика бийлиги менен Фейсбук компаниясынын биргеликте жалган кабарга каршы иштөөгө түрттү. Алар жалган, чагымчыл маалыматтарды окууда сак болуп, дароо ишенбөөгө чакырган билдирүү таратышты.

Copyright © 2017 Maral FM