Биз менен байланышыңыз

Кытай менен АКШнын айынан саммит жыйынтыкталбай калды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Ноя 2018 | 546 | 0

Папуа-Жаңы Гвинея өлкөсүндө өткөн Азия-Тынч окаен (өлкөлөрүнүн) экономикалык кызматташтыгынын (АPEC) саммити тарыхта биринчи жолу жыйынтыктоочу декларациясыз бүттү. Бул тууралуу уюмдун учурдагы төрагасы Питер О’Нил журналисттерге билдирди.

Анын айтымында саммиттин мындай аякташына Кытай менен АКШнын ортосундагы соода-экономикалык келишпестик себеп болду. Аталган эки өлкөнүн жетекчилиги Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (ВТО) ролу жана анда күтулгөн реформалар тууралуу кайчы позициясынан кайтпай коюшкан.

Саммитте Кытайдын өкүлү болгон Чан Сяолон жыйынтыктоо укугун үй ээси Папуа-Жаңы Гвинеяга беришти. Эми аталган мамлекет саммиттеги талаштуу пункттарды таштап, жыйындын натыйжасы тууралуу расмий билдирүүсүн жарыялайт.

Эске салсак, АPEC 1989-жылы Австралияда түптөлүп, 21 өлконүн экономикасын өзүнө камтыйт. Бүткүл дүйнөнүн 40% калкын камтыган уюм дүйнөлүк ИДПнын 54%ына, сооданын 44%ына ээ.

 

Copyright © 2017 Maral FM