Биз менен байланышыңыз

Бизнес-акыйкатчы институнун долбоору иштелип чыкты

Кыска кабар | 17 Ноя 2018 | 549 | 0

Экономика министрлиги “Бизнес акыйкатчыны” түзүү боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Мындай маалыматты аталган министрликтен билдиришти.

Анда мындай мекеме АКШ жана Кореяда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатканы, кошуна Казакстан 2005-жылы бул институтту ишке киргизгени айтылган.

Кыргызстанда да мындай кызматты иштеп чыгуу үчүн министрликтин астында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Анын алкагында Бизнес-акыйкатчы катчылыгын түзүү каралып, ал институтту көзөмөлгө алып, ишке ашыруу жана уюштуруу-техникалык аракеттерин жөнгө салмакчы. Ошондой эле байкоочу кеңеш да түзүлөрү маалыматта айтылган.

Долбоордо көрсөтүлгөндөй, байкоочу кеңеши Өкмөттүн, эл аралык өнүктүрүү уюмдарынын жана бизнес-ассоциациялардын мүчөлөрүнөн түзүлмөкчү.

Бул институттун түзүлүшү менен ата мекендик ишкердиктеги системалуу көйгөйлөр жөнгө салынып, чиновниктердин өзүмбилемдик мамилелерине жана мыйзамсыз аракеттерге жол берилбейт. Мындагы башкы максат өлкөдөгү ишкердикке ыңгайлуу шарт түзүү экени айтылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM