Биз менен байланышыңыз

Юридикалык жактар эми онлайн түрүндө каттоого алынат

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 723 | 0

Быйыл 15-ноябрдан тарта юридикалык жактарды онлайн каттоо тесттик режимде ишке киргизилди. Тийиштүү чечим өкмөт аппаратынын кеңешмесинде кабыл алынды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бул боюнча Юстиция министрлигине Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте маалыматтар базасын модернизациялоо боюнча маселелерди иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле Социалдык фонд, Салык кызматы, Статистика комитети менен биргеликте тесттик онлайн режимде юридикалык (чет элдик) жактарды каттоону ишке киргизүү тапшырмасы берилди.

Мамлекеттик органдардын кызматкерлерин чет элдик юридикалык жактарды онлайн-каттоо маселелери боюнча окутуу жана түшүндүрүү иштери жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM