Биз менен байланышыңыз

Келдибеков: Парламенттин аброю жок

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2018 | 1521 | 0

Азыркы парламенттин аброю жок. Себеби депутаттар эл талап кылган нерселерди аткарбай жатышат. Мындай пикирин саясатчы Ахматбек Келдибеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш элдин атынан коомдун маселелерин сүйлөгөн орган болушу керек. Эл өкүлдөрү тиешелүү мекемелерден жоопкерчиликти сурап, мыйзамдарды оңдоп, өкмөттүн отчетун эл алдына алып чыгышы зарыл.

Келдибеков көпчүлүк депутаттар бизнестен келгендиктен тили кыска экенин айтат.

«Эл өкүлдөрү Атамбаевдин убагына караганда эркин сүйлөп жатышат. Бирок өлкөгө 120 депутат көптүк кылат. Алардын санын 75ке кыскартса жетиштүү болот. Депутаттарды округдарга карап шайлашыбыз керек. Анткени партиялык система менен келгенде жопкерчилик азайып, бийликке акчалуулар келүүдө. Ал эми жоопкерчилик жок болсо өнүгүү болбойт. Шайлоо кодекстерине өзгөртүүлөрдү дароо эле киргизип коюуга мүмкүн», — дейт Келдибеков.

Ал буга кошумча Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук боюнча кимдир бирөө атайын иликтөө жүргүзбөсө да борбордогу жардыруудан соң мыйзамсыз иштер ачыкка чыкканын мисал кылып, коррупциялык иштер өзүнөн-өзү чыгып жатканын белгиледи.

«Президент баарын ачык-айкын жасап жатат. Атамбаевдин убагында айрымдар ой-пикирин айтканы үчүн азыр камакта отурат. Атамбаев оозуна келгенин айтчу. Ал эми азыркы өлкө башчы Сооронбай Жэнбеков соттун чечими чыга электе «бирөө ушуну жеп коюптур» деген жок», — дейт Келдибеков.

Ошондой эле мурдагы бийликтин тушунда саясий партияларды, саясатчыларды куугунтуктоолор көп болгонун билдирди.

«Атамбаевдин учурунда «Ата Журттан» 16 адам жоопкерчиликке тартылган. Аталган партияны  талкалоо үчүн эбегейсиз иштер жасалган. Түлеевдин атасынын мүлкүн дагы тартып алышты. Бул мыйзамдуубу? Түлеевдин Атамбаевге катуу айткан сөзүнө күбөмүн», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM