Биз менен байланышыңыз

Бишкек: 740 кызматкер жолду колу менен тазалоого мажбур

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2018 | 750 | 0

Бишкек шаарын кардан тазалоо үчүн техникалар жетиштейт. Ал үчүн 240 унаа керек болсо, мэриянын балансында болгону 23 техника бар. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 740 кызматкер жолду кол менен тазалоого мажбур.

«Кошумча 2 унаа алынды. Техника аз болгондуктан кар сүргөн унаа кайра базага келип түз жүктөп кетет. Кошумча унаа алуу үчүн каражат тартыш. Бишкек өлкө казынасына 56 млрд сом чогултуп берет. Бирок калаанын өнүгүүсүнө жана күнүмдүк керектөөлөргө 6 млрд сом гана берилет. Анын баарын мектеп курууга, чарбалык жумушарга жана башка иштерге жеткиришибиз керек», — дейт Алмамбетова.

Белгилей кетсек, аптанын башында өлкөдө кар жаап, шаар ичиндеги жана унаа жолдор тайгалак болууда. Бул абал айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратты. Борбор калаада жолдор тазаланбай жатат деп нааразылык билдиргендер да болду.

Copyright © 2017 Maral FM