Биз менен байланышыңыз

ӨКМ эскертет: Аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыска кабар | 8 Фев 2020 | 1713 | 0

10-12-февралдарда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Анда айтылгандай, 10-февралда түнкүсүн өрөөндөрдө жаан жаап, күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 11-12-февралдарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кардын жаашы күтүлөт.

10-11-февралдарда жана 12-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы болжолдонууда. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.

Аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу тоолуу райондордо Төө-Ашууда, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында жана бир катар ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл , — деп эскертет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Copyright © 2017 Maral FM