Биз менен байланышыңыз

Англия саясий кризиске кептелди

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 716 | 0

Англиянын премьер-министри Тереза Мэйдин Евробиримдик менен сүйлөшүп, андан чыгуу тууралуу кээ бир макулдашууларга кол койгону өлкөдөгү саясатчылардын дээрлик барынын нааразылыгын жаратууда. Абал мындай уланса жакынкы күндөрү Англияда премьерликке кезексиз шайлоо же өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуусун добушка койгон референдум болору болжолдонууда.

Парламенттеги Европага ыктаган партиянын да, ага каршы болгон тараптын да каршылыгына дуушар болгон Мэйдин өкмөтү оор абалда калды. Мындай кризис Англия саясатында экинчи дүйнөлүк согуштан бери жарала элек болчу.

Тереза Мэй аталган келишим Британия үчүн эң оптималдуу вариант болгонун билдирүүдө.

14-ноябрь күнү 5 сатка созулган талаш-тартыштан кийин кол коюлган келишимге каршылыгын билдирген Англиянын “Брексит” боюнча министри Доминик Рааб отставкага кетерин билдирди. Анын артынан социалдык өнүгүү министри жана башка 5-6 төмөнкү даражадагы өкмөт мүчөлөрү кызматын ташташты. Калган министрлердин колдоосуна таянып Мэй келишим жактырылды деп жарыялаган.

Бирок учурда көпчүлүк чиновниктер премьердин отставкасын талап кылышууда. Ал гана эмес өлкөдө Мэйдин ордуна ким болору тууралуу кептер желдей тарады. Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу 2019-жылдын 29-мартына белгиленген үчүн азыркы саясий кризистен чыгуу үчүн кадамдарды тездетүү зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM