Биз менен байланышыңыз

Парламентте келерки жылдын бюджети 1-окууда кабыл алынды

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 666 | 0

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңеште 2019-жылдын республикалык бюджети бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты. Жыйында каржы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасады.

Касымалиевдин айтымында, мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2019-жылга жалпы көлөмү 170 млрд 151 млн сом же ички дүӊ өнүмдүн 28,1% деңгээлинде болжолдонуп жатат. Бюджеттин таӊкыстыгы 10 млрд 256 млн сомду түзгөн.

Мындан сырткары, 2019-жылы киреше салыгынын 50-70%ын жергиликтүү бюджетке калтыруу, сатуудан алынган салыкты экспортко кетип жаткан товарлардан алып салуу дагы киргизиле тургандыгы белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM