Биз менен байланышыңыз

Акаев: Кыргызстандын элчилеринин 80-90% инвестиция тартышпайт

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 876 | 0

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилеринин 80-90 пайызы инвестиция тартуу боюнча эч аракет кылышпайт. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, элчилердин ишин анализге алып, инвестиция тартуу менен иштебегендерин кызматтан бошотуу зарыл. Жакында гана Орусия жана Өзбекстандын ортосунда түзүлгөн келишимдерде элчилердин да салымы бардыгын айтты.

Бул маселе боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: “Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду жамаатка тааныштырууда элчиликтердин жумушу инвестиция тартуу, туристтердин келиши менен бааланат деп айткам”, — деп белгиледи.

Ошондой эле чындыгында начар иштеген элчилердин бар экенин айтып, алардан улам өлкөгө болгон мамиле да башкача болгондугун кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM