Биз менен байланышыңыз

Министрлер кабинети Брексит боюнча келишимди колдошту

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 613 | 0

Англиянын премьер-министри Тереза Мэй 14-ноябрда Евробиримдиктин өкүлдөрү менен Британиянын биримдиктен чыгуусу боюнча акыркы келишимге келишкен. Аталган макулдашуу Англиянын министрлер кабинети тарабынан жактырылса парламентке чыгарылмак.

Бүгүн, 15-ноябрда Мэй парламентке келип, министрлер келишимге макул болушканын жарыялады.

Анда Брекситтен кийин Британиядагы адам укуктарын коргоо, коопсуздук маселелеринин сакталышы ж.б.шарттар макулдашылган. Мындан тышкары Ирландия Республикасы менен Түндүк Ирландиянын ортосундагы чек ара маселеси буга чейин карама-каршылыктарды жаратып келген. Эми эки тарап тең аталган чек аранын катуу паспорт көзөмөлү, бажы өтмөгү катары эмес, мурдагыдай эркин өтмөк катары калуусун чечишти.

Британия биримдиктен чыгуу үчүн 39 миллиард фунт төлөмөй болду. Мына ушул шарттар макулдашылып, парламентке өттү.

Тереза Мэй: “Бул келишим бизге өз акчабызга, өз жерибизге жана өз мыйзамдарыбызга ээ чыгуу укугун берет. Ошондой эле бул бүткүл королдуктун жаркын келечегине салым кошот деп чын журөктөн ишенем”,-деп билдирди.

Ошентип Англия, Шотландия, Уэльс жана Түндүк Ирландияны ичине камтыган Улуу Британия королдугу Евробиримдиктен 2019-жылдын 29-мартында чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM