Биз менен байланышыңыз

Сатыбалдиев: Патрулдук милициянын иши 6 айда байкалат

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Ноя 2018 | 648 | 0

Патрулдук милиция боюнча пилоттук долбоор тиешелүү орган тарабынан катуу көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгер кызматкер коррупция менен кармалса эч кандай териштирүүсүз дароо кызматтан алынат.

«Пилоттук долбоорго карата тиешелүү ченемдик актыларга өзгөртүү киргизүү каралууда. Анын алкагында кызматкердин  социалдык пакеттери тууралуу сунуштарди беребиз. Учурда кызматкерлер үчүн тиешелүү китепчелер даярдалып жатат. Мындан сырткары алардын формасы дагы каралууда. Балким долбоор толук ишке киргенде жаңы форма берилет. Азырынчы бул маселе ачык бойдон калууда. Биз башка форматка өтөбүз. Транспорт каражатында камера болот. Эреже бузгандарды камера каттоого алып калат», — дейт Сатыбалдиев.

Ал патрулдук милиция иштеп баштаса жарым жылда өзгөрүү байкаларын белгиледи.

Маалыматка ылайык, Патрулдук милиция үчүн 2019-жылдын 1-апрелинен тарта конкурс жарыяланат. Аталган кызмат ошол эле жылдын июлунан тарта ишин баштайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM