Биз менен байланышыңыз

Сатыбалдиев: Ошто милициянын кайгуул кызматы түзүлөт

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 680 | 0

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматы түзүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсузугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, пилоттук долбоордун алкагында түзүлүп жаткан кызматка 219 штаттык орун каралып, ачык сынак жарыяланган. Сынакка катышууну каалаган жарандар Ош шаарынын жол кыймылынын коопсузугун камсыздоо бөлүмүнө жана Бишкек шаарындагы башкы башкармалыкка арыздары менен кайрылса болот.

Сатыбалдиев кайгуул милициясы боюнча долбоор алгач Бишкекте сыналып баштаганын айтып өттү.

Жаңы кызмат башкармалыгы түзүлүп, ал кызмат тиешелүү багытта иш алып барууда. Ал Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы иш, — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM