Биз менен байланышыңыз

«Бизнес кербени» Ош облусунда болду

Экономика | 14 Ноя 2018 | 1299 | 0

Ош шаарында алгачкы бизнес караван алкагында ишкерлер үчүн  масштабдуу бизнес-форум өттү. Ага Бишкек шаары, Талас, Нарын облустарынан 50дөн ашык жана жергиликтүү 200 ишкер катышты. Иш-чаранын максаты аймактар аралык мамилени ишкердик аркылуу жандандыруу болуп саналат. Жыйында ишкерлер үчүн бизнести кеңейтүү жана мүмкүнчүлүктөрүн табуу жолдору түшүндүрүлдү. Долбоор  региондорду өнүктүрүү жылына карата уюшулуп, ЖИА Бизнес ассоциациясы тарабынан колдоого алынган.

Өлкө боюнча топтолуп бир максатты көтөрүп жаткан ишкерлер Ош шаарында жолугушту. Бизнес форумга жалпысынан 250дөй ишкер келген. Бул долбоор Ош, Баткен Жалал-Абад облустарында өтөт. Алгачкысы Ош шаарында болуп, өз ара кызматташуу жана тажрыйба алмашуу байланыштарын түзүүгө мүмкүчүлүк жаралды.

Ошондой эле мындан ары бирдиктүү сунуш менен конкреттүү кадамдар болорун  ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов убадалады.

Жыл сайын жазында Бишкекте инвестициялык форум өтөт. Ага карата биз ишкерлер менен бирдиктүү долбоорлорду түзүп сунуштайбыз. Бул аркеттер жыйынтыгын берет деп эсептейбиз. Андан сырткары, ишкерлер мамлекеттик органдар менен кантип иштеши туурасында түшүндүрмө берилет.

Иш-чаранын алкагында Ош облусунда өндүрүлгөн продукциялардын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Бирок атамекендик өндүрүштүн айрымдарына көп деле талап болбойт. Андыктан алгач товарлардын көлөмүнө эмес сапатын жогорулатуу талабы коюлду. Бул боюнча Кыргыз текстиль өнөр жайынын өкүлү Амир Закиров төмөнкүдөй  пикирин билдирди.

Эл аралык стандартка туура келген продукцияларды өндүрөлү десек жакшы технология же фабрикалар жок. Ал үчүн биз чет өлкөлүк ишкерлердин тажрыйбасын, техникасын Кыргызстанга алып келип иштеп чыгарышыбыз керек. Бул биздин алдыдагы максатыбыз. 

Кербендин жүрүшүндө ишкерлерге кардар табуу, жаңы бизнес ачуу, жолдору түшүндүрүлдү. Ошондой эле аймактарга тиешелүү бизнес тармагындагы актуалдуу маселелер карады. Андан сырткары, туризм тармагын жандандыруу жагын Ош ЖИА бизнес-ассоциациясынын мүчөсү Мунар Иса сунуштады.

Бүгүнкү иш-чара өлкөгө чоң салымын кошот деп эсептейм. Албетте Ошто көп нерсени бүтүрсө болот. Бирок ошол эле учурда негизги туризм тармагына көбүрөөк көнүл бурулса туура болмок.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда чакан жана орто бизнес жүргүзгөн 12 миң ишкана бар, ал эми жеке ишкерлердин саны 500 миңге жетет.

Copyright © 2017 Maral FM