Биз менен байланышыңыз

Жаңы салынган мектептин имаратынан жарака кете баштады

Коом | 14 Ноя 2018 | 1368 | 0

Кара-Суу районунун Катта-Талдык аймагындагы Кызыл-Ордо орто мектеби курулуп бүтпөй жатып эле бузула баштаган. Анткени курулуш иши сегиз жыл токтоп турган. Бул арада курулуш компаниясы бүтө элек мектептин кайрадан ондоо-түзөө иштерин жүргүзгөн. Бирок учурда  жаңы мектептин дубалдары кайра жарыла баштаган.

Аталган орто мектебинин жаңы имараттынын сапаты начар курулганына жергиликтүүлөр нааразы. Учурда жаңы мектептин шыбактары урап, дубалдарында жарака кете баштаган. 9 жылда аяктаган курулуш башында эле кемчилдиктери менен башталган. Буга байланыштуу курулушчулар менен болгон сот иштери азыр деле бүтө элек. Жаны имарат пайдаланууга берилгени менен аны комиссия кабыл албаганын Кызыл-Ордо орто мектебинин директору Бектемир Турдажиев айтты.

-АКТ кабыл алына элек. Мектептин шыбактары урап, дубалдарынан жарака кеткенине эки жылдай болуп калды. Булар боюнча өз кезегинде капиталдык курулуш башкармалыгына кайрылганыбыз. Бирок алар келип текшерип уланган жерлерден жаракка кеткен деп, тыянак чыгарып кетишкен.

Кызыл-Ордо орто мектеби күз-кыш мезгилине да толугу менен даяр эмес. Жылуулук жоктугунан окуучулар сабакта калың кийим менен окуп жатышат.

Быйыл жаңы окуу жылында жаңы имараттын ачылышы болгон. Кызыл-Ордонун окуучулары буга чейин чакан имаратта окуп келишкен. Жаңы имараттын курулушу 2009-жылы март айында башталган. 320 орундуу мектеп эки кабаттуу болуп, спорт залы менен кошо түптөлгөн. Жалпы тендердик баасы 66 млн 242 миң сомду түзөт. Курулушту  Өкмөтүн архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги колго алганын ведомствонун өкүлү Айсулуу Исабек кызы айтты.

-Эми жергиликтүүлөрдүн ар кандай талаптары болот да. Тигиндей мындай кургула дегендей. Ошонун негизинде түшүндүү иштерин жүргүзүп ишке ашырсак деп атышат.  

Тамдан түшүп жаткан суу мектеп босогосуна топтолуп суукта музга айланат. Андан окуучулар үчүн кооптуулук жаралат. Анан калса мындан имараттын пайдубалынын шыбактары ураган.  Ал эми курулушчулар муну жакын арада оңдоп бере турганын Ош облусунун “Капитал” курулуш башкармалыгынын башкы адиси Арстанбек Шамырбеков айтып, убада берди.

Кемчилдиктер бар, эми аларды ондоп өткөзүп беребиз. Аны айыл өкмөттөн,экотехиниспекциядан бар алар бардык кемчиликтерди бүткөндөн кийин кабыл алышат

Кошумчалай кетсек, аталган орто мектепте үч жүзгө жакын окуучу билим алат. 27 мугалим эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM