Биз менен байланышыңыз

Уйгурлар Вашингтондон Кытайга чара көрүүнү суранды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 1459 | 0

Американын сенаты Кытайдагы уйгурларга каршы зордук-зомбулукка байланыштуу Кытайга санкцияларды киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өкмөткө даярдоодо. Бул тууралуу Al Jazeera  жазды.

Демилгечилер ошондой эле өлкө президенти Дональд Трампка да Кытай боюнча тышкы саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташат. Алардын билдирүүсүндө Кытай бийлиги өлкөдөгү диний жана этникалык азчылыкка карата эл аралык мыйзамга каршы келчү ачык кадамдарга барууда.

Ал арада жүздөгөн уйгурлар Синцзяндагы кайра тарбиялоо лагерлериндеги жакындарынын, туугандарынын коопсуздугунан тынчсызданышканын, алардын өлүү-тирүүсүнөн кабарсыз болуп жатышканын жана аларга каршы катаал жазалар чектен ашып кеткенин айтып, муну токтотуу эл аралык коомчулуктун таасиринде гана ишке ашуусу мүмкүн экенин айтып чыгышты. Алар Американы Кытайдын бул саясатына карата чара көрүүгө чакырышты.

Митингге чыккандардын айтымында “кайра тарбиялоо” лагерлери түрмөдөн айырмасы жок, мусулмандарды диний ишенимдеринен кайтаруу үчүн психологиялык жана физикалык кысымдын бардык түрү колдонулуп жатат.

Лагерге алынгандардын саны кеминде 1 миллионду түзөт, бирок уйгур диаспорасынын айтымында 2 миллиондон ашуун мусулмандар камалган.

БУУ, Европарламент сыяктуу эл аралык уюмдар Кытай бийлигине бул аракеттерди токтотуусун талап кылып кайрылуу жасашып, өлкөдөгү абалды адам укуктарын негизсиз тебелөө жана дин эркиндигин өлтүрүү катары сыпатташкан.

Буга чейин Франция, Германия, Канада жана Америка сындуу өлкөлөр Кытайга мындай зордукчул саясатын токтотууну талап кылышканда Кытайдын башкы дипломаты аталган иш-чараларды радикал терроризм менен күрөшүү деп атап, башкаларды өлкөнүн ички чечимдерине кийлигишпөөгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM