Биз менен байланышыңыз

Мишель Обаманын китеби чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 855 | 0

АКШнын экс-президенти Барак Обаманын жубайы, мурунку Биринчи айым Мишель Обама биринчи жолу өзүнүн башынан өткөргөн урунтуу окуяларды камтыган эскерүү китебин жазды. «Becoming» деп аталган китептин басымдуу бөлүгүн үй-бүлө мамилелери, бала тарбиялоо жана ага даярдык көрүү маселелери түзөт.

Барак Обаманын чоң саясатка келишине чейин жактоочу жана бейтапкана жетекчиси кызматын аркалаган Мишель Обама күйөөсүнүн саясатка аралашкан учурунан тарта жалгыздык, алсыздык сезимдерине кабылып, кыйналганын айтат. Ошондой кезде биринчи боюнда болгон баласы түшүп,  кийинки кыздары Малия менен Сашаны ЭКО жолу менен көргөнүн да бул китебинде ачыктаган.

Коомчулукта дээрлик сүйлөшүлбөй, үйрөтүлбөгөн үчүн көптөгөн жаш үй-бүлөлөрдө депрессиялык абал байкалганын билдирген ал, жаштарга турмуш курууга чейин бир катар даярдыктан өтүүсүн сунуштайт. Жолдошу экөө үй-бүлөлүк мамилени бекемдөө, оор кырдаалдардан чыгуу максатында үй-бүлөлүк психологго бир сезон каттагандарын да жазат.

“Бактылуу, бекем бүлөнү куруу оңой эмес. Ал үчүн күрөшүү жана эмгек кылуу керек”,-дейт Мишель.

Мындан сырткары азыркы өлкө башчы Дональд Трамптын президентикке шайланышы аны «шок» кылганын, ага болушунча тоскоол кылууга аракет жасаганын билдирген Мишель: «Трамп  Барактын америкалык эместигин ишендире айтып жатып, менин үй-бүлөмдүн коопсуздугун тобокелге салды. Бул үчүн аны кечирбейм»,-деген.

Китеби жарык көрөрү менен анын бет ачарын кылуу максатында 10 шаарга тур уюштурулуп, билеттери дароо сатыллды. Мисалы, Лондондо өтчү бетачар аземинин билети жарым саат ичинде түгөнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM