Биз менен байланышыңыз

Ирландияда учуучу тарелкалар боюнча иликтөө башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 864 | 0

Ирландия аба жолдору уюму өлкөнүн аба аймагынан көрүнгөн белгисиз учуучу объектилер боюнча иликтөө ишин баштады. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

9-ноябрь күнү Англия Аба жолдорунун жүргүнчү ташуучу учагынын пилоту Шаннон аэропортунун диспетчердик борбору менен байланышып, Ирландияда кандайдыр бир аскердик машыгуу өтүп жатканын сураган. Андай эмес экенин айтышканда белгисиз нерсе учактын жанынан өтө катуу ылдамдыкта учуп өткөнүн билдирген.

Ошол эле күнү Виржинья Аба жолдорунун пилоту эки учуучу объект учакка жакын жерден өткөнүн айтып, ылдамдыгы өтө катуу болгонун белгилеген. “Бул метеорид же биздин атмосферага жаңыдан кирген кандайдыр бир белгисиз объекти болушу мүмкүн”,-деген пилот.

Бул кабарлардан соң Ирландия Аба жолдор уюму жогорудагы пилоттордун маалыматынын негизинде билдирүү даярдаганын, ага ылайык жабык түрдө иликтөө жүргүзөрүн кабарлашты. Алар көрүнгөн нерселер космостон келгендер болбоосу ыктымал экенин да кошумчалашкан.

Copyright © 2017 Maral FM