Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик менен Лондон Брексит боюнча акыркы макулдашууга келишти

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 612 | 0

Англиянын премьер-министри Тереза Мэй Евробиримдиктин өкүлдөрү менен Британиянын биримдиктен чыгуусу боюнча акыры бир пикирге келип, макулдашышты. Макулдашуу азырынча ачыктала элек, аны Мэй министрлер кабинети менен бир-бирден кеңешип, парламентке кароого жөнөтөт. Андан соң аны Европарламент жактыруусу керек. Ошондо гана келишим ишке ашат.

Буга чейин Британиянын биримдиктен чыгуусуна басымдуу мүчө өлкөлөр жана англиялык саясатчылар каршы болуп келишкен. Англиялыктар кайра элдик добуш уюштуруп, Евробиримдиктен ажыроону референдумга коюу сунушун айтып келишкен. Бирок бул пикирди бийлик кескин түрдө четке каккан.

Ал эми Европа анын биримдиктен чыгуусу үчүн 39 миллиард фунт төлөөсү керектигин билдирген. Буга британ саясатчылары каршы чыгышкан.

Ошентип, 2019-жылдын 29-мартына пландалган чыгуу үчүн бир гана маселе чечиле элек болчу. Ал биримдикте калчу Ирландия Республикасы менен чыкчу Түндүк Ирландиянын ортосундагы чек ара маселеси. Брекситтен кийин бул эки аймактын ортосунда паспорттук көзөмөл, виза жана башка маселелер талаш жаратып келаткан. Анткени бул аймак Британия менен Евробиримдиктин ортосундагы чек ара катары кызмат кылат.

Эске сала кетсек, Британияда 2016-жылы Евробиримдиктен чыгуу боюнча жалпы элдик референдум болуп, 51,9% менен колдоого алынган. Бирок муну колдоп, үгүттөгөн саясатчылар кийин активдүүлүгүн жоготуп, бул чечимдин артында туруудан баш тартышкан. Бул референдумдун жыйынтыгын орто жолдо калтырып, көптөгөн талаштуу маселелерге себеп болгон. Биримдиктин мүчөлөрү да чыгуу ниетинин артында ишенимдүү эч кимдин жоктугу тынчсыздандырарын айтып, эки тарапка тең чоң экономикалык жоготууларга себеп болот деген жүйө менен Брекситке каршы турушкан.

Copyright © 2017 Maral FM