Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы сириялык качкындарга жардам жетпей жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 663 | 0

Сириядагы согуштан улам өлкөнү таштай качкан жарандардын 4 миллионго жакыны Түркияда атайын лагерде баш калкалоодо. Бул тууралуу Евробиримдик менен Түркиянын ортосунда макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык түрк тарап качкындарды Европага таратпастан өзүндө башпаанек берет, аталган уюм болсо финансылык жардамын жеткирип турат.

Бирок Евробиримдиктин финансы маселелерин көзөмөлдөөчү Европа Аудиторлор соту (ЕАС) берилген жардамдар толук бойдон качкындарга берилбей жатканын айтып чыкты. Буга себеп катары Түркия тарап биримдик берчү 3 миллиард евронун баштапкы бөлүгү болгон 1,1 миллиардынын кимге жана канча өлчөмдө берилгенин ачыктай алган жок. Жадакалса колдорунда качкындардын саны жана тизмеси да жок экени маалым болду.

ЕАСтын жетекчилигинин өкүлү Беттина Жакобсен: “Акчалардын качкындарга кетип жатканын көрүүдөбүз. Бирок толук бойдон берилип жатканына ишене албайбыз. Үч жылдан бери биринчи жолу отчет сураганыбызга карабай так маалымат бере алышкан жок”,-деп билдирди.

Эске салсак, коңшу Сириядан агылып келген мигранттар 2014-жылдан тарта массалык түрдө көбөйүп, Түркия аркылуу Европанын башка мамлекеттерине өтө башташкан. Мындай агым Европаны да тынчсыздандырып, 2016-жылы Түркия менен аларды чыгарбоо тууралуу макулдашууга барышкан.

Copyright © 2017 Maral FM