Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Өлкө күндөн-күнгө артта калууда

Пикирлер | 12 Ноя 2018 | 682 | 0

«Президенттин 2018-жылды айылдарды өнүктүрүү деп жарыялаганы жакшы, бирок эч кандай иш жасалган жок.» Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө күндөн-күнгө артта калып бара жатат.

«Облустарды аткаруу бийлигине киргизип койдук. Бүгүн акимдер эмне иш кылат? Облуста президенттин өкүлү боло тургандай мыйзамдар сунушталган. Ушул реформаларды жасоо зарыл. Карыздарды төлөш үчүн ички ресурстарды иштетиш керек», — дейт Кадырбеков.

Ал буга кошумча, өлкөдө шайлоо кодексинде чоң катачылыктар бар экенин белгилеп, жада калса, президент дагы аны оңдогусу келбей жатканын айтты.

«Бүгүнкү парламентте отургандарга эч ким добуш берген эмес. Биз партияларга добуш бергенбиз. Конституцияда орчундуу ката кеткен соң мандат товар болуп калды. Депутат болом дегендер мандатты сатып алат. Парламентке келгендерге элдин таасири жок болуп калган. Ошондуктан акчалуу 300дөй киши кайра-кайра бийликке келип жатат. Президент өлкө жакшы болсун десе, шайлоо кодексин өзгөртүшү керек эле», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM