Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Өмүркулов башка партияга барса таасирдүү адам болот

Пикирлер | 12 Ноя 2018 | 617 | 0

Эл өкүлү Иса Өмүркулов башка партияга барса, таасирдүү адам болот. Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өмүркулов КСДПда таасирдүү адам. Анткени анын шайлоочулары, тажрыйбасы көп.

«Өмүркулов КСДПда 2-эшалондогу кадр. Аны 5-6-эшалон менен келген кадрлар чыгарып жатат. Ал чоң иштерди жасап кеткен. Саясатчы сот аркылуу таза болуп чыкканын биз көрө албай жатабыз»,  — дейт Кадырбеков.

Белгилей кетсек, 31-октябрда Иса Өмүркулов Кыргызстан социал-демократтар партиясынын курамынан чыгарылган. Ал партиянын уставына, максатына каршы келген аракети үчүн четтетилген. Ошондой эле аны парламенттеги КСДП фракциясынан да чыгаруу сунушталган.

Copyright © 2017 Maral FM