Биз менен байланышыңыз

Нурбаев: 10-12 миң алган мугалимден билим сапатын талап кыла албайбыз

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 759 | 0

Келечекте билим берүү тармагын көтөрбөсөк, эч өнүкпөйбүз. 10-12 миң сом алган мугалимдерден билим  сапатын талап кыла албайбыз. Мындай пикирин депутат Абдувахаб Нурбаев  бүгүн, 12-ноябрда комитеттик жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы мугалимдердин айлыгын сөзсүз көтөрүү керек. Чүй районундагы акча чогултуу фактыларын, райондук билим берүү, шаардык билим берүү бөлүмдөрүн жоюу зарыл.

Ошондой эле мугалимдердин ой-пикирлерин укпай туруп, ар кандай уюшуп алган топтор окуу китептерин чыгарып жаткандыгын кошумчалады.

Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт акча чогултуу дегенди токтотуп, 2019-жылы мугалимдердин айлыгын көтөрүүнүн үстүндө иш алып бара тургандыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM