Биз менен байланышыңыз

Орточо айлык маяна эң көп өскөн 8 тармак 

Кыска кабар | 9 Янв 2021 | 1244 | 1

2020-жылдын январь-октябрь айларына карата бир кызматкердин орточо айлыгы 17 миң 990 сомду түздү. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,6 %га жогору. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин материалдарында айтылат.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын алгачкы он айында орточо эмгек акынын өсүш темпи (электр энергиясын, газды, буу жана аба кондицияларын берүү, жеткирүү, кыймылсыз мүлккө байланыштуу  операциялар, транспорттук иш жана сактоо чөйрөсүндөгү ишканаларды жана уюмдарды кошпогондо) экономикалык иштин бардык түрлөрү боюнча ишканаларда жана уюмдарда байкалган.

Орточо айлык акынын өсүшү:

  • билим берүү тармагында (22,1%),
  • административдик жана көмөкчү иш-чараларда (20%),
  • суу менен камсыз кылууда, тазалоодо, таштандыларды кайра иштетүүдө (14,8%),
  • мейманканаларда жана ресторандарда ( 14,4%),
  • маалымат жана байланыш тармагында (13,2%),
  • тоо-кен (11,5%),
  • милдеттүү социалдык камсыздандырууда (11,5%),
  • кесиптик, илимий жана техникалык иш-чараларда (6,8%).

1 пикир

1 пикир

  1. Сонунбу

    10.01.2021 08:54

    Точкой чарба кызматкерлеринин айлык акысы аябай аз Бир бакты остуруш учун 20жыл коп эмгекти талап кылат жаратылышка кайдыгер карабай эмгек акысын кобойтсо болобу

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM