Биз менен байланышыңыз

Манасчыларды мамлекет камкордукка алышы керекпи?

Билим-маданият | 4 Окт 2019 | 1096 | 0

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Улукбек Ормонов мамлекетте манасчылар баркталбай жатканын сындап, аларды «Манасты» жайылтуу, изилдөө боюнча түзүлгөн академияга алып, айлык төлөнүп берилүүсүн талап кылды. Муну менен катар, Кытай өлкөсүн мисалга тартып, алар манасчыларды айлык менен камсыз кыларын айтты.

 — Президент «Манас» жана Айтматов академиясын ачып берди. Анда кимдер иштеши керек? Албетте, алардын арасында манасчылар да болушу керек. Кыргызстанда 2 эле манасчы айлык алып иштейт экен. Ошондуктан, Жогорку Кеӊештин тармактык комитети бул маселени карап чыгып, академиянын штаттык бирдигин тактап, манасчыларды анын карамагына алып, аларга эмгек акы төлөп берүү маселесин тезинен чечип бериши керек. 

_________________________________________________________________________________________________________________________________

Манасчыларга айлык төлөнүшү керек

___________________________________________________________________________________________________________________________________

Мурунку Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовдун айтымында, манасчыларга айлык берүү демилгеси жакшы болгону менен ага каражат жетишпейт.  Ошол эле учурда, манасчылардын арасында мамлекеттик кызматтарга баруудан баш тарткандары да бар.

— Негизи бул маселе мурдатан бери көтөрүлүп келет. Бирок баарына айлык төлөп берүүгө каражат жетишпейт. Маданият министрлигинин штаттарына манасчыларды алуу сунушталган, бирок арасынан кызматтан баш тарткандары да болгон. Ошондуктан, мыкты манасчыларга стипендия төлөнсө жакшы болот. Себеби, манасчылардын саны азайып баратат, көңүл бурулушу керек.

Манасчылардын чыгармачылыгын, аткаруу чеберчилигин өнүктүрүү боюнча мыйзам кабыл алынганы менен иш жүзүндө аткарылбай келерин маданият өкүлдөрү айтып келишет. Манасчылык өнөр өзгөчө кадыр-баркка ээ. Антсе да, кээде алардын эмгеги анчейин бааланбай, кайдыгер мамиле жасалган учурлар да кездешет.

Белгилүү манасчы Рысбай Исаков айлык алуу үчүн мамлекеттик мекемелерде иштөө керектигин, бирок ага убакыт короткусу келбегенин моюнга алат. Андыктан, манасчыларга стипендия каралса жакшы болорун белгилейт.

 — Манасчыларга айлык берүү демилгеси көтөрүлгөнү жакшы. Айлык алуу үчүн бир мекемеде иштөө керек болот. Манасчылар «Манас» айтканы үчүн туруктуу стипендия каралса жакшы болмок. 

«Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев «Манасчылардын баарына эле казынадан айлык берүү туура эмес. Бирок мыкты манасчыларга айлык каралганы жакшы болот», — дейт.

— Кыргызстанда 60тан ашуун манасчы бар,  бирок «Манасты» толук билгени, жакшы айткандары саналуу гана. Баарына айлык берүү оор болот, мыкты манасчыларга гана стипедия төлөнүшү керек. Академияда манасчылар үчүн, жаш манасчыларды даярдоо үчүн шарттарды түзүп жатабыз.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын январь айында Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы ачылган. Ал мекеме «Манас» эпосун жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кеңири жайылтуу, ар тараптуу изилдөө жана улуттук баалуулукту сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү милдетин аткарат.

Copyright © 2017 Maral FM