Биз менен байланышыңыз

Депутат: Манасчыларга айлык төлөнүшү керек

Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 1162 | 0
Сүрөт sputnik.kg

Бүгүн парламент жыйынында эл өкүлдөрү маданият тармагынын көйгөйлөрүн да көтөрүштү. Улукбек Ормонов Кыргызстандагы манасчыларды мамлекет барктай албай жатат деп сындады. Аларды «Манасты» жайылтуу, изилдөө боюнча түзүлгөн академияга алып, айлык төлөнүп берилүүсүн талап кылды.

Президент «Манас» жана Айтматов академиясын ачып берди. Анда кимдер иштеши керек? Албетте, алардын арасында манасчылар да болушу керек. Ошондуктан, Жогорку Кеӊештин тармактык комитети бул маселени карап чыгып, академиянын штаттык бирдигин тактап, манасчыларды анын карамагына алып, аларга эмгек акы төлөп берүү маселесин тезинен чечип бериши керек. Ансыз «Манас» эпосун эс тутумда алып жүргөн маначылар мектебин өнүктүрө албайбыз.

Депутаттын маалыматында, азыркы учурда эки гана манасчы мамлекеттен маяна алат. Ал эми Кытайда 70тей манасчы мамлекеттен айлык алып иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM