Биз менен байланышыңыз

Мугалим маянасы: Кимдики канчага көтөрүлөт?

Билим-маданият | 30 Сен 2019 | 2703 | 1

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мына ушул жагдайга байланыштуу бүгүн Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков менен Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова атайын маалымат жыйын өткөрдү.

Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаковдун берген маалыматына таянып айтсак, 1-октябрдан тарта өлкөдөгү мугалимдер 30 % жогорулатылган суммадагы маяна алып баштайт. Алардын айлыгын көтөрүү үчүн быйылкы жылдын соңку 3 айына 1 млрд 700 млн сом акча бөлүнгөн. Ал эми 2020-жылга 7 млрд сом керектелет.

— Ар бир мугалимдин буга чейинки айлык акысын карап, категорияга жараша эсептөөлөрдү жүргүздүк. Андан улам мамлекеттик бюджеттен 3 айга 1 млрд 700 млн сом бөлүндү. Ал эми кийинки жылга 7 млрд сом керек болот.  

Ал эми Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңы токтомго ылайык, билим берүү мекемелериндеги бардык мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп жатканын, алардын айлыгы сааттык жүктөмгө жараша караларын маалымдады. Мындан сырткары, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында электрондук курстарды киргизүү иш-аракети жүрүп жатканын айтты.

— Жогорулатылган айлык бала бакчанын тарбиячыларынан баштап, ЖОЖдун мугалимдерине чейин тиешелүү. Мындан сырткары, мугалимдердин өзүн өнүктүрүү боюнча атайын курстарды киргизип жатабыз. Мугалимдердин сапаттуу билим берүүсүнө шарт түзүп, көңүл буруп жатабыз. 

Аныгында мындай айлык көтөрүү убадасы ар бир шайлоонун алдында берилип келери маалым. А бирок анын аткарылып кеткени бар, аткарылбай калганы да бар. Берилген убадалардын көпчүлүгү жел сөз бойдон калып келген. Мындай пикирин билдирген профессор Каныбек Осмоналиев эгер коррупцияны жоюп, таза иштесе 7 миллард тургай, андан да көп акча бөлсө болорун айтат. Себеби, мугалимдердин айлыгы өтө аз.

— Шайлоого жакын убада берип жатат деген ойлор да болушу мүмкүн. Себеби, өкмөттүн буга чейинки убадалары толук аткарылбай, же аягына чыкпай келген. Эми айткан болсо, киреше булактарын карагандан кийин, өздөрүнө ишенип айтса керек. Кандай болгондо да билим сапатына көңүл буруп, акча көбүрөөк бөлүнүшү керек.

Ал эми Жалал-Абад облусундагы Абдусалам Турабаев атындагы орто мектептин директору Абдукерим Тукаев айлыктын 30 % көтөрүлгөнү жакшы экенин, бирок саатына гана төлөнө тургандыктан мурдагы айлыктан анчейин айырмаланбасын айтат.

— Мугалим эртеден-кечке мектепте болот. Эми 30 %га көтөрүлгөнү жакшы болду, бирок мугалим үчүн аз десем болот. Себеби, саатыбызга жараша төлөнөт экен.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча 120 миңден ашуун мугалим бар. 2012-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан чыккан токтомго ылайык, мугалимдин сааттык жүктөмү (ставка) 18 сааттан 20 саатка көтөрүлгөн. Мурда орточо айлык 12 миң сомду түзүп келген болсо, жаңы токтомдун негизинде орточо айлык 17 миң сомду түзөрү айтылды.

1 пикир

1 пикир

  1. Айжамал

    16.06.2021 20:32

    Мугалимдин эмгек акысын эсептөөдө 20саат менен иштеген мугалим сиздер айткан 17мин сом албай эле 8-9мин алып иштеп жатабыз го. Ага кандай карайсыздар? Тескерисинче жылдан жылга алык азайып жатат. Мисалы мен былтыры 16 саат менен иштеп 8-9 миң сом алсам. Быйыл 2020-2021-окуу жылында деле 20 саат менен ошол эле айлыкты алып жатам. Былтыры отпусной айлыгым 16саат менен 23мин алсам, быйыл 20саат менен 21мин алдым. Ушундай шумдуктуу нерселер болуп жатса албетте миграция көбөйөт да.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM