Биз менен байланышыңыз

Түркияда эмгектенүүгө уруксат алуу үчүн төлөнүүчү акы алынып салынды

Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 2413 | 0

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин расмий билдирүүсүнө таянып, 2019-жылдын 26-июнунан тартып Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызмат министрлиги тарабынан эмгектенүүгө уруксат алуу үчүн төлөнүүчү акы алынып салынганын эскертет. Уруксат алууга кыргыз жарандары түркиялык лирадан которгондо, 223 доллар төлөп жүрүшкөн. Учурда 175 долларды түзөт.

Азыркы күндө Кыргызстандын жарандарынын эмгектенүүсү үчүн уруксат акысын Кыргызстандын жумуш издеген жарандары эмес, Түркиянын аймагындагы жумуш берүүчү тарап түздөн-түз төлөп бериши керек.

Министрлик иштөө үчүн Түркияга кетүүнү пландап жаткан жана документтерин тариздөө үчүн жеке агенттиктерге кайрыла турган жарандарын Түркияда иштөөгө уруксат алуу үчүн акча төлөбөөгө чакырат.

Иштөөгө уруксат алуу үчүн акы төлөөгө мажбурлаган фактылар болгон учурда Министрлик жумуш менен камсыздоочу жеке агенттиктердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мамлекеттик профилдик орган болуп саналган Мамлекеттик миграция кызматына кабарлап коюусун өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM