Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Президенттин тегерегиндеги адамдар иштебей жатат

Пикирлер | 12 Ноя 2018 | 744 | 0

Шайлоо кодексиндеги катачылыктар боюнча саясатчылар президентке кат жазып кайрылдык. Бирок президенттин бул маселеге кызыктар болбогонуна таң калам. Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков өлкө жакшы болсун десе, шайлоо кодексин өзгөртүшү керек болчу.

«Өлкө башчыга пропорционалдык системада элдин шайлоого мүмкүнчүлүгү бар, Конституциянын гаранты катары сен оңдошуң керек десек да көңүл бурган жок. Мен такыр түшүнө албай жатам. Президентке мен, М.Чолпонбаев, А.Келдибеков, А.Мадумаров, Ф.Кулов жана А.Малиев кол коюп туруп кат жибергенбиз. Жок дегенде, биз менен жолугушуп, дискуссия кылып, акыл алмашып койсо жакшы болмок. Жаздыкпы, кайрылдыкпы? Нөл», — дейт Кадырбеков.

Ал мындын сырткары эгер президент жолуугагы чакырса, баш тартпай турганын айтты.

«ЖКнын төрагасы болгон кишилер менен жаштар менен жолуккандай жолугуп койгон болбойт. Эгер Жээнбеков пайда алайын десе, ар бири менен жок дегенде 15 мүнөт сүйлөшүшү керек. Баарын залга чогултуп, өзү сүйлөп кетип калса эмне пайдасы бар? Ар бир жолугушуу пайдалуу болушу керек. 100 сунуштун арасынан экөөнүн пайдасы тийсе да маани бериш керек эле», — дейт Кадырбеков.

Кадырбеков өзбек лидери Шавкат Мирзиёев кандай жолугушуу болбосун ар бир визитинде ири суммадагы келишимдерди түзүп келерин айтып, Кыргызстандын президенти кадрлары начар болуп жаткандыктан, барган жеринен «жакшы жашайлы» деген ураан менен келип жатканын сындады.

«Инвестициялык долбоорлорду даярдап бере турган адамдар жок. Президенттин тегерегенидеги адамдар иштеши керек. Команданы лидер түзөт. Лидер күчтүү болсо, эч ким таасир эте албайт. Орусиянын президенти Владимир Путин жанындагылардын акылын угат. Анын тегерегиндеги кадрлар баарын «чайнап» бергени үчүн Путин акылдуу», — дейт саясатчы.

Ал президент Сооронбай Жээнбековдун мыкты команда тузүүсүнө эч ким тоскоолдук кылбаганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM