Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Парижде Трамп менен сүйлөштү

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 610 | 0

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Парижде АКШ лидери Дональд Трамп менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрдү.

1-дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракеде кечки тамак үстүндө жолугушкан президенттердин орток темасы Стамбулда киши колдуу болгон журналист Жамал Хашокжи тууралуу болду. Анын өлүмү тууралуу кылмыштын мындан аркы ачылышы, такталышы жана жазасы тууралуу сөз болгон.

Эске салсак, Парижде белгиленип жаткан согуштун бүтүсүүнүн 100 жылдыгынын Түркияга да байланышкан көп жагы бар. Эң негизгиси 1-дүйнөлүк согушка кыйыр катышканына карабай Осмон империясы эң көп жоготууга учурап, четинен ар кайсы өлкө бөлүп алып, соңунда азыркы Түркия гана колдунда калган. Натыйжада Осмон мамлекети расмий түрдө урап, ордуна Түркия Республикасы курулган.

Copyright © 2017 Maral FM