Биз менен байланышыңыз

Санкция: Кытайдын экспортунун көлөмү өсүүдө

Дүйнө | 8 Ноя 2018 | 654 | 0

АКШ менен Кытай соода-экономикалык тармакта «согушуп» жатканын эске алсак, Кытайдагы акыркы экспорттук көрсөткүчтөр таң калычтуу болду. Анткени октябрь айынын жыйынтыгы боюнча экспорттун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16%га өскөн. Болбосо, Вашингтондун кытайлык 200 миллиард долларлык товарына салынган санкциялары дал ушул октябрда күчүнө кирген болчу.

Эксперттер жана Пекин бийлиги өлкөнүн экспортунун көлөмү жылдын акыркы айларына карата түшөрүн болжолдоп жатышкан.

Адистер мунун себебин аталган чектөөлөр кытайлык экспортчуларга дем-күч берип, чектөөлөрдү ашып өтүү үчүн катуу кайраттанышканын айтышууда.

Ошондой эле юандын долларга карата кунун жоготкону да буга себеп болгонун белгилешүүдө. Ушул жылдын февраль айынан бери юань 10%га арзандап, инвесторлорду тынчсызандырып жаткан. Бул кытайлык товарлардын дүйнөлүк базардагы жеткиликтүү баасы менен өтүмдүүлүгүн арттырган.

Ал эми Кытай өкмөтүнүн Жапония жана Евробиримдиктин базарларына көлөмдүү экспорт менен колдоо көрсөткөнү да жогорудагы жыйынтыктын келип чыгуусунда роль ойноду.

Бирок серепчилер бул абал көпкө узабасын билдиришүүдө. Жасалма жол менен экспортту көбөйтүү зыянга гана алып келгени үчүн өлкө бийлиги мындай абалды такай кармап тура албайт.

Copyright © 2017 Maral FM