Биз менен байланышыңыз

Германия: Крымдын Орусияга таандык экенин моюнга алуу керек

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 524 | 0

Германиянын экс-канцлери Герхард Шредер Крымды эртеби-кечпи Орусиянын аймагы деп таанууга туура келерин айтты.  Мындай пикирин ал жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди.

Бул качандыр бир кезде баары бир моюнга ала турган чындык. Жадагалса, Крым 1954-жылга чейин Орусияга карачу. Аны Хрущев Советтик Украинага тартуу кылып койгон. Убагында ал советтик коммунизмдин доору католик чиркөөсү сыяктуу узакка созулат деп ойлосо керек. Бактыга жараша андай болбоду”,-деди Шредер.

Ошондой эле ал Евробиримдик Москва менен алакасын бекемдеп, кызматташтыкты улантуусу керек экенин кошумчалады. Себеби Орусия эң жакын коңшу жана ансыз континентте тынчтык өкүм сүрүүсү кыйын.

Эске сала кетсек, Крым жарым аралы 2014-жылы Украинадагы төңкөрүшкө улай, жалпы элдик добуш берүүнүн чечими менен Орусияга кошулуу демилгесин көтөрүшкөн. Ошондон тарта Кремль аймакты өз территориясынын ичине алып, бийлигин жүргүзуп келет.

Буга каршы болгон Украинаны бүтүндөй Евробиримдик колдоп, Орусияга каршы бир катар ири саясий-экономикалык санкцияларды киргизип койгон. Санкциялар эки тарапты тең жабыркатып жаткан кези.

 

Copyright © 2017 Maral FM