Connect with us

Чыңгыз Айдарбеков ЖККУнун Астанадагы жыйынына катышат

Кыска кабар | 7 Ноя 2018 | 641 | 0

Эртең, 8-ноябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Астанадагы жыйынына катышат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Анда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлерининин кеңеши, коргоо министрлеринин кеңеши, коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин биргелешкен жыйынына катышат.

Иш-чаранын алкагында тараптар бир канча документтерди карашып, уюмдун кызматташуусун жакшыртуу маселесин талкуулашат.

Copyright © 2017 Maral FM