Биз менен байланышыңыз

АКШдагы шайлоодо эки мусулман аял өз аймактарында жеңишке жетишти

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Ноя 2018 | 882 | 0

6-ноябрда болуп өткөн парламенттин Эл өкүлдөр палатасына жана Мыйзам чыгаруучулардын үчтө бирине шайлоодо Демократиялык партиясынан Миннесотада талапкер болгон Ильхен Омар жана Детройд штатында Рашида Тлаиб жеңишке жетишип, эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланышты.

Акыркы кездери популярдуулугу артып бараткан жаш активист Ильхен Омар АКШга Сомалиден көчүп барган үй-бүлөдөн чыккан. Ал эми Рашида Тлаиб теги палестиналык.

Булардан сырткары аталган партиядан бир катар талапкерлер жеңишке жетишкени кабарланууда. Алардан эң көңүл бурдурганы палатанын эң жаш депутаты болуп 29 жаштагы Александра Оказио келери күтүлүүдө. Алдын-ала эсептөөлөргө караганда, жаш активист Нью-Йорктогу шайлоо округдарынын биринен белдүү саясатчыны женип алды.

ЖМКнын прогноздору боюнча Демократиялык партиясы эл өкүлдөр палатасында 238 орунду жеңип алуусу ыктымал. Бирок Республика партиясынын лидери президент Трамп шайлоодогу алдын ала жыйынтыктар абдан сонун болгонун жар салууда.

Copyright © 2017 Maral FM