Биз менен байланышыңыз

АКШдагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Ноя 2018 | 665 | 0

АКШдагы парламенттин эл өкүлдөр палатасы менен мыйзам чыгаруу палатасынын үчтөн бирин шайлоо болуп өттү. Акыркы саатка карата 165 жерде шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы жарыяланды. Башкаруучу партия Республикачылардын колунан негизги атаандашы Демократиялык партиясы 4 жерде үстөмдүктү алды. Дагы 33 жерде алдыда баратканы ачыкталды.

Буга чейинки шайлоолордо Трамптын Республикалык партиясын колдогон бир топ аймактар бул жолу демократтарга добуш беришти.  Өкүлдөр палатасындагы копчүлук мандатты алган демократтар акыркы сегиз жылдан бери биринчи жолу үстөмдуккө жетишишти. Шайлоонун акыркы жыйындыктары бүгүн жарыяланат.

Эске салсак, 6-ноябрь АКШнын парламентн жана губернаторлорун шайлоо күнү. Талдоочулардын айтымы боюнча, учурда бийликте турган Трамптын режиминин ишине берилчү баа. Бул шайлоодо америкалыктар мындан ары кандай саясий нук менен кетерин аныкташат.

Copyright © 2017 Maral FM