Connect with us

Жоробеков: Өмүркуловду партиядан чыгарышса да анын кылы кыйшайбайт

Пикирлер | 5 Ноя 2018 | 606 | 0

Иса Өмүркуловду КСДПдан чыгаруу менен менен анын «кылы кыйшайбайт.» Эгер партиядан чыгарылса, депутаттык мандатынан ажырайт деген устав болсо, чочуласа болмок. Мындай пикирин саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурда Коммунисттик партиянын катарынан чыгуу коркунучтуу болгон. Ал кезде мүчөлөр партиядан жаман иштери үчүн чыгарылган. Азыр бир партиядан чыккан адамды башка партиянын катарынан көрүү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андыктан саясий партиялар уставдарын карап чыгуусу зарыл.

«Иса Өмүркулов фракциядан кетпесе чоң маселе жаралат. Мындай ич ара түшүнбөстүктөр КСДПнын мурунтан чыккан көйгөйү. Мыйзамдар өзгөрбөсө, мындай көрүнүштөр башка партияларда да кайталанышы мүмкүн. Мындан трагедия чыгарбаш керек. Бул партиянын ички иши. КСДП Иса Өмуркуловду фракцияда калтырып койсо да эч таң калбайм»,-дейт Жоробеков.

Copyright © 2017 Maral FM